Бишкек шаарынын батыш тарабында чоң өрттү өчүрүү аракети жүрүп жатат. Окуянын видеосу, сүрөттөрү Интернеттеги социалдык түйүндөргө тарап, айрым колдонуучулар кара май ташыган автоунаа күйүп жатканын айтышууда.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык Ленин районунда болуп жатканын, «Костонай жана Садыгалиев көчөлөрүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн, өрттү өчүрүүгө жалпысынан беш бөлүм тартылганын» маалымдады.
Жабыркагандар тууралуу маалымат жок. (RK)