Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

CPJ казак бийлигин журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырды


Сания Тойкен.
Сания Тойкен.

«Журналисттерди коргоо комитети» (CPJ) Казакстандын бийлигин журналисттерди, анын ичинде «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы Сания Тойкенди куугунтуктоону токтотууга чакырды.

Комитеттин 14-марттагы билдирүүсүндө журналист нааразылык акциясын чагылдырганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылганы белгиленген.

«Сания Тойкен тагылган айыптарды четке кагып, бул иш анын кесиптик ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу максатын көздөй турганын айтууда. Казак бийлиги Тойкенди жана социалдык маселелерди чагылдырган башка журналисттерди куугунтуктоону токтотушу керек. Биз казак бийлигин Тойкендин сот тарабынан белгиленген айыппул тууралуу апелляциясы боюнча даттанбоого жана анын өз ишин тоскоолдуксуз аткаруусуна мүмкүндүк берүүгө чакырабыз», - деди CPJ директору Карлос Мартинес де ла Серна.

Тойкен жумуш таап берүүнү талап кылып Жаңы-Өзөн акимчилигинин алдына чыккандар менен маектешкенден кийин, 11-мартта кармалган. Шаардык сот аны «полициянын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей койду» деп 50 500 теңге (9 миң сомдон ашык) айыппул салган.

Бул журналисттин акыркы бир айда эле үчүнчү ирет кармалышы. Февралдын аягында Жаңы-Өзөндөгү жумушсуздардын акциясын чагылдырууга барган Сания Тойкен менен видеооператор Санат Нурбек кармалган. Анда аларды полиция бөлүмүндө алты саат кармап, суракка албастан жана эч кандай протокол толтурбастан эле коё беришкен. 12-февралда Тойкен интервью алып жатканда кармалып, Астанадагы полиция бөлүмүнө жеткирилген.

Сания Тойкенге 2017-жылы октябрда «Журналистикадагы эрдиги үчүн» сыйлыгы ыйгарылган.

2011-жылдын 16-декабрында Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылыш менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 17 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG