Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:05

Балага кийим тиккен ири ишканалар эл аралык көргөзмөгө катышып келишти


Көргөзмөгө Кыргызстандан беш ишкана катышты.
Көргөзмөгө Кыргызстандан беш ишкана катышты.

Кыргызстандык кийим тигүүчүлөр Москвада «CJF–Балдар модасы-2019. Жаз» эл аралык көргөзмөсүнө ийгиликтүү катышып келишти.

Бул тууралуу 15-мартта «Азаттык» радиосуна «Кыргыз Республикасында соода-сатыкты илгерилетүү» программасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чарага 23 өлкөдөн барган 350 компания катышты.

Кыргызстандан барган «Evelen», «Modniki», «Irish.Ko», «Selina Style» жана «Мисс Стильняшка» ишканалары балдар кийимдеринин түрлөрүн көрсөтүп, ишкерлик кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

«Кардарлар менен таанышып, алардын айткандарын угуп, жакшы тажрыйба алдык. Кыргызстандын брендин таанытып, татыктуу имиджин түзүш үчүн ушундай эл аралык көргөзмөлөр маанилүү экен», - дейт «Irisk.Ko» компаниясынын жетекчиси Ирина Хегай.

«Кыргыз Республикасында соода-сатыкты илгерилетүү» программасын Швейцария өкмөтү каржылайт. Анын максаты – тигүү ишканаларынын экспорттук дареметин бекемдеп, атаандаштыкка туруктуулугун камсыз кылуу, соода жана инвестиция институттарын калыптандыруу.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда дээрлик жарым миллион (480 миң) адам орто жана чакан ишкерлик менен алектенет. 160 миңдейи тигүүчүлөр, алардын 90% аялдар экени айтылып жүрөт.

Кыргызстандын тигүү тармагынын товарларынын 90% Орусияга экспорттолот. (RK)

XS
SM
MD
LG