Мадриддик "Реалдын" башкы машыктыруучулугуна кайтып келген Зинедин Зидан Испания чемпионатына байланыштуу дымагын ачыкка чыгарды.
- Ушул тапта “Ла Лиганы” жеңебиз деп айта албайм. Алдыда 11 оюн бар. Биз ошонун баарын утууну каалайбыз. Калганын ошондо көрө жатарбыз, – деди Зидан 15-марттагы алгачкы маалымат жыйынында. Ал командасын турнир аягына чейин ишенимди жоготпоого чакырды.
16-мартта "Реал" Виго шаарынын "Сельта" командасы менен беттешет.
Зидан командада ким калып, ким кетерин азыр ойлонбой турганын, келишимдеги мөөнөтүнө жараша оюнчулар муну өздөрү чечиши керектигин белгиледи. Буга чейин айрым испан маалымат каражаттары Зидан чабуулчу Гарет Бэйл менен иштешпей турганын жазып чыгышкан. Машыктыруучу Бэйлге да, өзү келгенге чейин негизги курамга чыкпай келишкен Марсело менен Иского да мүмкүнчүлүк берерин ачык айтты.
Зинедин Зидан 2016-2018-жылдары "Реалдын" башкы машыктыруучусу болгон. Бул убакытта мадриддик клуб абдан ийгиликтүү ойноп, Чемпиондор Лигасын үч жолу жеңип алган. Ал кеткенден кийин команда жеңилүү ызасын тартып келди.