Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чегинде абал туруктуу


Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Жаңжал чыккан аймакта эл топтолгон жок.

Эки өлкөнүн тиешелүү бийлик өкүлдөрүнүн чек арадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн уланат. Кыргыз тараптан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баш болгон топ иштеп жатат.

Жума күнү өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган тергөө топтору иликтеши керек деген чечимге келишкен.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим менен жолугушууда алгач элди тынчтандырып, андан кийин гана жол, чек ара маселелерин талкуулоо зарыл экени билдирген.

13-март күнү Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Ага Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон жана кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун чогулуп, бири-бирине таш ыргыткан.

Чырды эки өлкөнүн чек арачылары токтотушкан. 14-мартта эртең менен абал туруктуу кармалып, түштөн кийин кайрадан ок атуунун үнү угулган. Жаңжалдан бир нече адам жабыр тарткан. «Азаттыктын» тажик кызматы Тажикстандын Чек ара кызматына таянуу менен жаңжалда эки тажик жараны өлгөнүн, бир нече адам жабыр тартканын кабарлады. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийип, учурда ооруканада.(BkA)

Толук: Чек арадагы окуя эки тараптуу иликтенет

XS
SM
MD
LG