Линктер

шаршемби, 17-июль, 2019 Бишкек убактысы 19:12

Жаңылыктар

Трамп Конгресс чечимине вето койду

АКШ-Мексика чек арасы

АКШ президенти Дональд Трамп Конгресстин Мексика менен чек арада өзгөчө кырдаал режимин жокко чыгаруу боюнча чечимине вето койду. Муну менен Трамп президенттик мөөнөтүндө алгачкы жолу вето коюу укугунан пайдаланды.

Ал Мексика аркылуу Борбордук жана Түштүк Америкадагы өлкөлөрдөн мыйзамсыз мигранттар кирип, Кошмо Штаттарда кылмыштуулук жана маңзат бизнесинин күчөшүнө алып келгенин айтууда. Ошондуктан, өзгөчө кырдаал режимин киргизүү менен абалды көзөмөлгө алууга мүмкүн деп эсептейт.

Дональд Трамп АКШнын Мексика менен чек арасында өзгөчө кырдаал режимин 15-февралда киргизген. Анын бул чечими аталган чек арага дубал курууга каражат бөлүү максатын көздөрү айтылган.

Ага чейин Конгресс Трамптын президенттик шайлоо учурунда эң башкы убадаларынын бири чек арадагы дубал куруу үчүн бюджеттен каражат бөлүүгө каршы чыккан.

Ал эми ушул жумада болсо Конгресстин эки палатасы АКШ президентинин Мексика менен чек арадагы өзгөчө кырдаал режимин жокко чыгаруу чечимин колдошкон.

Эми президенттин ветосун жокко чыгаруу боюнча маселени Конгресстин Төмөнкү палатасы 26-мартта караганы жатат. Ал үчүн конгресс мүчөлөрүнүн үчтөн экиси Трамптын чечимине каршы добуш бериши керек.

See all News Updates of the Day

Путинге каршы чыккан активисттердин ишин тергөө аяктай элек

Жарандык активист Нурлан Карымшаков менен жубайы Гүлзана Имаева Орусия элчилигинин алдында пикетте. Бишкек. 27-март, 2019-жыл. (Сүрөт Карымшаковдун «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды).

Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы пикетке чыккан Нурлан Карымшаков менен анын жубайы Гүлзана Имаевага карата кылмыш ишин тергөө аягына чыга элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, үчүнчү экспертизанын жыйынтыгына карап иш кыскарат же сотко өтөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келерден бир күн мурун жарандык активист Нурлан Карымшаков аялы Гүлзана Имаева экөө Бишкектеги орус элчилигинин астына пикетке чыгышкан. Жубайлар 27-март күнү эртең менен колдоруна «Путин - агрессор, канкор» жана «Ысык-Көлдө Путиндин торпедаларына жол жок» деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турганда милиция аларды кармап кеткен.

29-мартка караган түнү Биринчи май райондук соту алардын бөгөт чарасын жабык карап, жубайларды тергөө аяктаганга чейин өлкө аймагынан чыкпоо шарты менен үй камагына алган.

Активисттер көтөрүп чыккан жазуулар буга чейин эки жолу лингвистикалык экспертизадан өткөрүлгөн. Биринчисин Мамлекеттик соттук экспертиза кызматынын адистери өткөрсө, экинчисин орусиялык лингвисттер жүргүзүп, «улут аралык, расалык жана жек көрүүчүлүккө, агрессияга чакырык жок» деген тыянак чыгарышкан. Ушунун негизинде адвокат ишти кыскартуу боюнча сотко арыз жазган. (КЕ)

Абылгазиев: Кыргызстан санариптештирүүдө Түштүк Кореядан тажрыйба алат

Ли Нак Ён менен Мухаммедкалый Абылгазиев. Бишкек шаары. 17-июль, 2019-жыл.

Кыргызстан санариптештирүүдө Түштүк Кореядан тажрыйба алат. Бул тууралуу Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкекте өтүп жаткан «Кыргызстан - Түштүк Корея» бизнес-форумунда билдирди. Анын айтымында, Түштүк Корея Кыргызстан үчүн ар тараптуу өнүгүүнүн үлгүсү.

- Түштүк Корея дүйнөдөгү өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн алдыңкы катарында турат. Кыргызстан Түштүк Кореяны Азия мейкиндигиндеги өзүнүн абдан жакын өнөктөштөрүнүн бири деп эсептейт. Бизнес-форумга Түштүк Кореянын өкмөт башчысы өзү катышып жатканы да эки өлкөнүн ишкерлигинин аралыгын бир кадамга жакындатып, бир тепкичке көтөрдү десек жаңылышпайм. Түштүк Кореялык ишкерлерге биз Кыргызстанды санариптештирүү жаатына көңүл бурса деп сунуш кылат элек.

«Кыргызстан - Түштүк Корея» бизнес-форумуна Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышып жатат. Эки күндүк иш-чарада тараптар соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстил өнөр жайы, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну талкуулашат.

17-июлда кыргызстандык жана кореялык ишкерлердин ортосунда эки келишимге кол коюлду, анын бири электробула өнүмүн чыгаруу боюнча, экинчиси - түштүк кореялыктар Кыргызстанда медицинанын жетишкендиктерин пайдалануу менен заманбап курорт курууну көздөп жатышат.

Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён Кыргызстанга расмий сапар менен 17-июлда келди.

Ли Нак Ёнду президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алары жана расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. (GT/ZKo)

Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарында Кыргызстандын атаандаштары белгилүү болду

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия кубогунун оюндарында. 21-январь, 2019-ж. Абу-Даби, БАЭ.

2022-жылы Катарда боло турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан менен мөрөй талаша турган атаандаштар аныкталды. Азия футбол конфедерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, бүгүн, 17-июлда аталган уюмдун Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында жайгашкан башкы кеңсесинде (штаб квартирасында) чүчү кулак кармоо аземи болду.

Чүчү кулак кармоого ФИФАнын 14-июнда жарыяланган рейтингине жараша бөлүнгөн Азия чөлкөмүнүн 40 командасы катышып, сегиз тайпага бөлүндү.

Кыргызстан F тайпасына туш болуп, Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия командары менен ойнойт.

Тандоо оюндарынын 2-баскычы Кыргызстан үчүн 5-сентябрда башталып, 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда 2023-жылы Кытайда боло турган Азия кубогуна жана 2022-жылы Катарда боло турган дүйнө чемпионатынын акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

Калган 24 команда 2023-жылы боло турган Азия кубогуна 12 жолдомо үчүн ат салышат.

Чүчү кулак кармоонун жыйынтыгы:

A тайпасы: Гуам, Мальдив, Филиппин, Сирия, Кытай

В тайпасы: Непал, Кувейт, Кытай Тайбэйи, Иордания, Австралия

С тайпасы: Камбоджа, Гонконг, Бахрейн, Ирак, Иран

D тайпасы: Сингапур, Йемен, Палестина, Өзбекстан, Сауд Арабиясы,

E тайпасы: Бангладеш, Ооганстан, Индия, Оман, Катар

F тайпасы: Монголия, Мьянма, Тажикстан, Кыргызстан, Жапония

G тайпасы: Индонезия, Малайзия, Таиланд, Вьетнам, БАЭ

H тайпасы: Шри-Ланка, Түркмөнистан, КЭДР, Ливан, Корея

Кыргызстандын улуттук курама командасы катышкан оюндардын тизмеси:

5 сентябрь, 2019-жыл.

Мьянма – Кыргызстан

10-октябрь, 2019-жыл.

Кыргызстан – Тажикстан

15-октябрь, 2019-жыл.

Монголия – Кыргызстан

14-ноябрь, 2019-жыл.

Кыргызстан – Жапония

19-ноябрь, 2019-жыл.

Кыргызстан – Мьянма

31-март, 2020-жыл.

Тажикстан – Кыргызстан

4-июнь, 2020-жыл.

Кыргызстан – Монголия

9 июнь, 2020-жыл.

Жапония – Кыргызстан (ECh).

18-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Бишкек.

Кыргызстанда 18-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 32…37;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;

Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүзгү жогорку температурасы 36…38 градус болот.

Абылгазиев: Кыргыз-корей соодасы 30 млн. долларга жетти

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын туулары.

2018-жылы Кыргызстан менен Кореянын ортосунда товар алмашуунун көлөмү 30 миллион долларды түзгөн.

Бул тууралуу Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкекте өтүп жаткан "Кыргызстан - Түштүк Корея" бизнес-форумунда билдирди. Иш-чарага Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышып жатат.

- Кыргыз-корей соода-экономикалык карым-катнашын жакшыртууга бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Азыркы учурда Кыргызстанда корей капиталы менен кызматташкан миңге жакын ишкана бар. Анын ичинен 352си биргелешкен ишкана болуп эсептелет. Булар саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык тейлөө, айыл чарба, кен казынасын пайдалануу, курулуш тармагындагы ишканалар. Арасында дүң жана чекене соода жаатындагы компаниялар басымдуулук кылат, - деди кыргыз өкмөт башчысы.

Абылгазиев Кыргызстан санариптештирүү боюнча Түштүк Кореянын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыгарын белгиледи.

Тараптар соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстил өнөр жайы, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну талкуулашат.

Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён баштаган расмий делегация расмий сапар менен Кыргызстанга бүгүн, 17-июлда келген. Анын сапары үч күнгө созулат. (КЕ/GT)

Бишкекте кафени өрт чалды (видео)

Өрт чалган кафе.

Бишкекте Жаш Гвардия – Пушкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Али Хан» аттуу кафеден өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, тилсиз жоо тууралуу кабар 16:25те түшкөн. Учурда окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды. «Азаттыктын» кабарчысы Гулжан Турдубаеванын өрт чыккан жерден билдиргенине караганда, күбөлөр үч киши кафенин ичинде экенин айтышкан.

Өрттүн себептери жана жабыркагандар бар-жогу айтыла элек. (КЕ)

Башкы штаб: аскерлерди сабаган деп шек саналган кызматкер иштен алынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат мөөнөтүн өтөп жаткан айрым жоокерлер армияда узак убактан бери чоңсунууга туш болуп келатышканын билдиришти. Бул тууралуу аскер бөлүктөрүндөгү мыйзамдуулуктун жана уставдын сакталышын текшерген учурда белгилүү болгонун «Азаттыкка» Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева билдирди:

- Комиссия ар бир аскер бөлүгүнө берип текшерүү жүргүзүп жатканбыз. Ошондо кызмат мөөнөтүн өтөп жаткан жоокерлер арасында анонимдүү сурамжылоо уюштурулуп, бир канчасы ушундай факт болгонун билдиришкен. Азыр текшерилип, иликтөө жүрүп жатат. Ошол убакта жоокерлер атаган кызматкерди, дивизиондун командирин кызматтан четтеттик.

Жарашеванын айтымында, Аскер прокуратурасына маалымат берилди.

Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери кыргыз армиясы аскерлер арасындагы чоңсунуу, башкача «дедовщина» көйгөйүнөн арылбай келет. Ушундан улам аскер бөлүктөрүндө майып болуп, айрым учурда адам өлүмү менен аяктаган окуялар байма-бай катталат.

«Кылым шамы» уюмунун эсебинде 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны алтымыштан ашкан. Алардын өз жанын өзү кыйганы да айтылган. (КЕ)

Өзбекстан: мурдагы башкы прокурордун соту башталды

Ихтиёр Абдуллаев.

Ташкент шаарында 15-июлда мурдагы башкы прокурор жана Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Ихтиёр Абдуллаевдин соту башталды. «Азаттыктын» өзбек кызматы билдиргендей, ишти аскердик сот жабык карап жатат.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Абдуллаевдин камакка алынганын өткөн айда расмий бышыктаган.

Анда Абдуллаев менен анын орун басары Эгамовго, ошондой эле дагы он чакты кызмат адамына «Кызмат абалынан кыянат пайдаланган» жана «Пара алган» деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгону маалым болгон. Бул кылмыш ишинде мурда жогорку кызматты ээлеп турган дагы бир нече адам бар болгондуктан, көптөгөн маалыматтар ачыкка чыгарылбай турганы белгиленген.

53 жаштагы Ихтиёр Абдуллаевдин камакка алынганы тууралуу быйыл февралда «Азаттыктын» өзбек кызматы жазып чыккан.

Абдуллаев өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы болуп 2018-жылы январдын аягында дайындалган. Ага чейин башкы прокурор жана президенттин мамлекеттик кеңешчиси болуп иштеген.

Мамдуманын төрагасы Конституцияны өзгөртүүнү сунуш кылды

Вячеслав Володин.

Орусияда Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин парламенттин ыйгарым укуктарын кеңейтиш үчүн өлкөнүн Баш мыйзамын өзгөртүш керек экенин кайрадан айтып чыкты.

Володиндин демилгеси парламенттик гезитке жарыяланды. Анда саясатчы «Мамлекеттик Дума өкмөттү түзүүгө аралашышы керек» деп айткан. Мамдуманын спикери мындай демилгени буга чейин да бир канча жолу көтөргөн.

Мунун алдында «Bloomberg» агенттиги Кремль Владимир Путиндин кызматтык мөөнөтү аяктагандан кийин мыйзам чыгаруу органынын ыйгарым укуктарын күчөтүү жагын караштырып жатканын жазган. Ага ылайык, Путин президенттиктен кеткенден кийин кайра премьер-министр болушу мүмкүн. Ал эми өкмөт башчыны шайлоо укугу парламентке берилмекчи.

Орус мыйзамдары Путинге 2024-жылы үч жолу удаа президенттике шайланууга тыюу салат. Ошондуктан ал кийинки шайлоого катыша албайт.

Мумбайда 14 адам имарат урандысында калып ажал тапты

Мумбайда курулганына бир кылымдай болгон төрт кабат имарат шейшембинин кечинде урап түшкөн.

Мумбай шаарында ураган имарат басып калып мерт болгондордун саны 14 кишиге жетти. Индиянын куткаруу кызматы урандынын арасынан тогуз адамды тирүү алып чыкканын кабарлады.

Кырсык болгон жерге бара турган жол тар болгондуктан куткаруу иши кыйындап, «Тез жардам» жете алган эмес. Жарадарларды жергиликтүүлөр жана куткаруучулар машинеге чейин жөө көтөрүп барышкан.

Курулганына бир кылымдай болгон төрт кабат имарат шейшембинин кечинде урап түшкөн. Индиянын финансы борбору болуп эсептелген Мумбайда он күн ичинде ушуну менен экинчи имарат кулады.

Нөшөрдүн маалы башталган ушул айларда жыл сайын Мумбайда ондогон эски имараттар урап түшөт.

Евробиримдик: кыйраган MH17 учагы үчүн Орусия жоопкерчилик алышы керек

Кыйраган учак.

Европа Биримдигинин кеңеши Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн MH17 каттамындагы малайзиялык учакка байланыштуу Орусия өзүнө таандык жоопкерчиликти алышы керек экенин билдирди. Бул тууралуу каргашанын беш жылдыгына карата кабыл алынган декларацияда айтылат.

Документте ошондой эле Москваны бул иш боюнча түзүлгөн тергөө тобу менен кызматташууга чакырык ташталган.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков иликтөөгө Орусия катышпагандыктан, анын жыйынтыгына олутуу мамиле берилбей турганын билдирген.

Өткөн айда Нидерланд жетекчилик кылган Эл аралык тергөө тобу учактын кыйрашына байланыштуу Орусиянын үч, Украинананы бир жаранына айып койгон. Бул окуя боюнча Гаагада сот эмдиги жылы мартта башталат.

Малайзиянын Амстредам - Куала-Лумпур каттамындагы учагы 2014-жылдын 17-июлунда Донецк облусунун үстүндө атып түшүрүлгөндө анын бортундагы 298 адамдын баары мерт болгон.

Кыргызстанга Түштүк Кореянын премьер-министри келди (видео)

Ли Нак Ён менен Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кыргызстанга Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапары менен келди. «Манас» эл аралык аэропортунда аны өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Корей премьер-министринин сапарынын алкагында 50дөн ашуун корея компаниясынын катышуусунда кыргыз-корея бизнес-форумун, В2В түрүндөгү жолугушууларды, эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалган. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө багытында кызматташууну мындан ары карай өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле Ли Нак Ёнду президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат. Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. (КЕ)

АКШда Перунун экс-президенти кармалды

Алехандро Толедо.

АКШда 16-июлда Перунун мурдагы президенти Алехандро Толедо камакка алынды. Эми аны мекенине өткөрүп берүү маселеси чечилиши керек.

Алехандро Толедо Перуну 2001-2006-жылдары башкарган. Ага коррупцияга байланыштуу айып коюлуп, издөө жарыяланган.

Ал бразилиялык «Odebrecht» компаниясынан 20 миллион доллар пара алып, мамлекеттик курулуштарга катышуусуна жол ачкан деп айыпталып жатат.

Перунун бийлиги мурдагы президентти өткөрүп берүүнү Кошмо Штаттардан бир жылдан бери өтүнүп келген.

73 жаштагы Толедо бардык дооматтарды четке кагат.

Андан кийин бийликке келген Алан Гарсия да бразилиялык «Odebrecht» курулуш компаниясынан пара алган деп айыпталгандан кийин өз жанын кыйган.

Андан кийинки президент Педро Пабло Кучински да ушул эле компания менен кылмышка барган деп шек саналып, азыр камакта отурат.

Зергердик тармакты өнүктүрүүнүн концепциясы бекитилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясы бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Документ бул тармакты өнүктүрүш үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, иш орундарын түзүү жана баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдарды өндүрүүчү ата мекендик ишканалардын атаандаштыкка жөндөмүн арттыруу максатында иштелип чыккан. Муну менен 2022-жылга чейин алтынды жана күмүштү керектөөнүн жылдык көлөмүн 1 тоннага жеткирүү максаты коюлган. Бул зергердик тармакта иштеген 2500 адамдык кошумча иш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Буга чейин Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу Ишкерлерди өнүктүрүү фонду кыргызстандык зергерлер шарт жоктугунан аткезчиликке барып жатканын билдирген.

Финансы министрлиги өлкөдөгү зер буюмдардын 80 пайыздан ашууну чет жактан аткезчилик менен ташылып жатканын маалымдаган. (КЕ)

Казакстанда өз алдынча кесиптик кошуундун башчысы соттолду

Ерлан Балтабай.

Казакстандын Шымкент шаарында сот 17-июлда «Татыктуу эмгек» аттуу өз алдынча кесиптик кошуундун төрагасы Ерлан Балтабайды жети жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды. Ага «мүчөлүк акыдан топтолгон уюмдун акчасын кымырып алган» деген айып коюлган.

Ерлан Балтабай күнөөсүн мойнуна алган эмес жана кылмыш ишинин саясий өңүтү бар экенин айткан. Ошондой эле бийликти «өлкөдөгү өз алдынча кесиптик кошуундарды жок кылгысы келет» деп күнөөлөп жатат.

Ал 2017-жылы Женевада Казакстанда өз алдынча кесиптик кошуундарга жасалган басым-кысым тууралуу баяндама жасаган.

Отун-энергетикалык тармактын жумушчуларынын өз алдынча кесиптик кошуунунун башчысы Ерлан Балтабайдын соту апрель айында башталган.

Эл аралык эмгек уюму Ерлан Балтабайдын окуясынын улам тынчсыздануусун билдирген. Өткөн айда «Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму да казак бийлигин сынга алган.

Атамбаев: Текебаевдейлер парламентке абдан керек

Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 16-июлда Кой-Ташта тарапкерлери менен жолугушкан учурда «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаевдин ишинин кайра каралышына комментарий берди. Ал «Текебаевдин иши боюнча катаал маселеге туруштук бериши керек» болгонун журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айткан. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

- Факт сотто далилденген. Бирок ал жазасын эбак эле өтөп койгон. Мен Текебаевдин кылмыш иши боюнча катаал маселеге туруштук беришим керек эле. Анткени парламентте Текебаевдей адамдар абдан керек экендиги көрүнүп турат. Ал узурпатор Атамабевге салыштырмалуу Сооронбайдын (Жээнбеков - ред.) убагында көбүрөөк отурат, - деген Атамбаев.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов орус жаранынан ири суммада пара алган деген негизде 2017-жылы сегиз жылга кесилген. Муну Текебаев Атамбаевге ачык оппозицияда болгону үчүн саясий куугунтук катары баалап жүрөт.

Кыргызстандын Жогорку соту 16-июлда саясатчылардын ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароону баштаган. Бирок «иш көлөмдүү, таанышууга убакыт керек» деген негизде соттук териштируүнү 21-августка жылдырды.

22-июндан бери Алмазбек Атамбаевдин «экс-президент» макамын алууга каршы тарапташтары анын Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнө «элдик штаб» ачып, чогулуп турушат. Мурдагы мамлекет башчы күн сайын тарапташтары менен учурашып, журналисттердин суроолоруна жооп берип турат.

Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевден экс-президент макамын алууну колдоду. (КЕ)

АКШ Түркияга F-35 аскер учактарын сатуудан баш тартты

F-35 учактары.

АКШнын президенти Дональд Трамп 16-июлда Түркияга F-35 үлгүсүндөгү кыргын салуучу учактар сатылбай турганын айтты. Мындай чечим Түркия Орусиядан С-400 зениттик-ракеталык системасын сатып алып жатканына байланыштуу кабыл алынды.

Пентагон эгер Түркия F-35 учактарын сатып алса, Орусия С-400 зениттик-ракеталык системанын радарлары аркылуу учактарды колго түшүрүп, анын электроникасы тууралуу маанилүү маалыматтарды билип алышы мүмкүн деп чочулап жатат.

Эми Трамптын чечиминен кийин НАТОнун курамындагы мамлекеттердин ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында F-35 учагына айрым бир тетиктерди даярдаган түрк ишканалары лицензиядан айрылат. Анкара мындан 200 миллион доллардан ашык пайда тапчу.

Түркия Орусиядан С-400 зениттик-ракеталык комплекс сатып алуу тууралуу келишим түзгөнгө чейин АКШдан «Patriot» деп аталган ушундай эле комплексти сатууну суранган. Бирок Вашингтон катаал талаптарды койгон.

Буга чейин Түркия Орусиянын С-400 зениттик-ракеталык системасын сатып алганы үчүн АКШ ага каршы санкция киргизгени жатканы маалым болгон.

Түркия мене Орусия С-400 тууралуу 2017-жылы макулдашкан. Анкара 12-июлда мындай системанын алгачкы бөлүгү алынып келгенин кабарлаган.

Келишим Вашингтон менен Анкаранын мамилесин чыңалткан негизги маселелердин бирине айланган.

Абжалиевдин жол кырсыгына кабылган уулу ооруканадан чыкты

Кырсык болгон жерден тартылганы айтылган сүрөт.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков ооруканадан чыкты. Бул тууралуу «Азаттыкка» бүгүн, 17-июлда Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди:

- Ал ооруканадан чыкты. Вооронцовкага реабилитация деп жазып бердик, бирок кайда барарын өзү билет. Анын мээси чайкалган жана жамбаш сөөгү сынган. Операциясыз эле бүтүп калат, балдак менен басып жүрсө болот.

Токобеков катышкан жол кырсыгы 7-июлда таңга жуук Бактуу-Долоноту айылында болгон. «Lexus» жана BMW Х7 машинелери кагылышып, «Lexus» автоунаасындагы төрт киши тең ажал тапкан.

Милициянын маалыматында, BMW Х7 Каракол тарапты көздөй бара жатып, каршы тилкеге чыга калган «Lexus» менен кагылышкан. Кийин BMW Х7 машинесинде Абжалиевдин уулу бар экени белгилүү болгон.

Маркумдардын жакындары «Азаттык» радиосуна кайрылып, кылмышты жашыруу, видеолорду өчүрүү аракети көрүлүп жатканын айтып даттанышкан. Токобековдун жакындары бул маалыматтарды төгүндөп чыгышкан.

Облустук милиция окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери баштаган. Ага экспертизанын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилери белгиленген.

- Коомчулукта резонанс жаралган үчүн бул ишти объективдүү иликтеп-тергөө максатында облустук милиция өз көзөмөлүнө алган. Азыр экспертизанын жыйынтыгы чыга элек, - деди Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.

Абжалиев президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы экени маалым. (KE)

Украина: Конституциялык сот коммунисттик бийликти нацисттик режимге теңеди

Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Конституциялык соту коммунизмдин элементтеринен арылуу чаралары каралган мыйзамдын Конституцияга шайкештиги тууралуу чечимин жарыялады.

Анда «коммунисттик жана нацисттик режим бирдей кылмыш болгон, окшош репрессиялык ыкмалар колдонулган» деп жазылган. Ошондуктан «Декоммунизация тууралуу» мыйзамдын башкы максаты «тоталитардык коомго кайтып баруунун алдын алуу» деп көрсөтүлгөн.

«Декоммунизация тууралуу» мыйзам 2015-жылы кабыл алынган. Анда советтик символиканы колдонууга тыюу салынган. Андан сырткары коммунисттик ишмерлердин эстеликтеринен арылуу, алардын ысымы ыйгарылган көчөлөрдүн, айыл-кыштактардын атын алмаштыруу чаралары каралган. Ушундан улам өлкөдө Лениндин эки миңдей эстелиги алынган.

Мыйзам кабыл алынган жылы Коммунисттик партиянын ишине тыюу салынган. Евромайдан окуяларына чейин аталган партиянын парламентте фракциясы болгон.

Конституциялык сотко бул мыйзамга нааразы болгон Жогорку Раданын айрым депутаттары кайрылган. Конституциялык соттун чечими акыркы болуп эсептелет жана кайра каралбайт.

Жумабеков: Текебаев операцияга даярдалууда

Өмүрбек Текебаев.

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев операцияга даярдалып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди:

- Мурда белинен операция болгон экен. Ал жерде дагы эки грыжа чыгып, омурткалары да бошоп калган. Операция жасайлы десек жүрөгүндө да маселе бар экен. Азыр кардиологдор карап жатат. Ошондон кийин омурткасына операция жасайбыз.

Буга чейин Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаев Травматология жана ортопедия борборуна июндун аягында которулган.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов орус жаранынан ири суммада пара алган деген негизде 2017-жылы сегиз жылга кесилген. Муну Текебаев Атамбаевге ачык оппозицияда болгону үчүн саясий куугунтук деп атап келет.

Кыргызстандын Жогорку соту 16-июлда саясатчылардын ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароону баштаган. Бирок «иш көлөмдүү, таанышууга убакыт керек» деген негизде соттук териштируүнү 21-авсгустка жылдырды. (КЕ)

Өлкөгө 183 млн. сом зыян келтирген майнинг-ферма аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бир канча кичи райондорго жете турган электр энергиясын пайдаланган, өлкө бюджетине 183 млн. сомдон ашуун зыян келтирген майнинг-ферма аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай учур Кыргызстанда биринчи жолу катталып жатат. Факт «Салык төлөөдөн качуу», «Кылмыштуу кирешени (каражаттарды) адалдоо» беренелеринин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Маалыматка караганда, Кытай жана Кыргызстандын жарандары компьютердик программаларды иштеп чыгуу жана аларды изилдөө лабораториясы деген негизде Т.Ц. аттуу ишкана ачып иштеп келишкен. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, бул топ өздөрүнүн санарип акча, криптовалюта (биткоин) түзүү боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жүргөнү аныкталган. Муну менен катар алар эсептеп чыгаруучу системаны, телекоммуникацияны жана байланыштагы жаңы каражаттарды (компьютердик жабдуулар-блокчейн) колдонушкан.

Кыргызстандын жараны ишкананын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон жана ал майнинг-фермага электр энергиясын жеткирип берген. Ортомчулук кызматы үчүн компания 2018-жылы 21 млн. сом киреше тапкан жана салык төлөгөн эмес.

Т.Ц. мекемесин тинтүү маалында 8 миңден ашуун күнү түнү электр энергиясына жана Интернетке байланышып турган ар кандай моделдеги майнер табылган. Ишкананын жетекчилиги ага уруксат берген документтерди көрсөтө алган эмес. Ошондой эле электр энергиясын пайдалануу нормадан ашканы, болжол менен 6-7 мегаватты түзгөнү белгиленет. Анын баасы айына 13-14 млн. сомду түзгөн. Муну Бишкектин бир канча кичирайондору пайдаланган электр энергиясына салыштырса болот. (КЕ)

Жаманкулов: «Фейк маалыматтар» маселеси келип чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кийинки убакта «фейк маалыматтар» маселеси келип чыкканын билдирди. Ал бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан медиа конференциянын жүрүшүндө айтты.

Жаманкулов Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин жана бийлик органдары ага шарт түзүүгө аракет кылып жатканын белгиледи.

- Кыргызстанда маалымат каражаттары үчүн жабык темалар жок, - деди Жамангулов.

Министр азыркы учурда жалпы дүйнө үчүн Интернеттеги «фейк маалымат» мүшкүлгө айланганын белгилеп, бул багытта журналисттер менен бирге иш алып баруу зарыл экенин кошумчалады.

Конференциянын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн ЕККУнун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир азыркы шартта сөз эркиндигин камсыз кылуу жана жарандарга эркин маалымат жеткирүү үчүн журналисттин коопсуздугу маанилүү экенин белгиледи.

Дезир буга чейин журналисттер кол салууга кабылган учурлар болгонун белгилеп, буга өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин айтты.

- Азыр физикалык жана оозеки түрдө кол салуу учурлары болуп жатат, - деди ал.

ЕККУнун өкүлү журналисттик иликтөөнү жүргүзүүгө шарт түзүүгө чакырды. Жыйынга катышкан Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев өлкөдөгү сөз эркиндиги жаатындагы жетишкендиктерди Кыргызстандын сыймыктарынын бири деп атады. (КЕ/BkA)

Миграция кызматы: Якутиядагы кыргызстандыктардын абалы көзөмөлдө

Якутиядагы мигранттарга каршы митинг. Март. 2019-жыл.

Мамлекеттик миграция кызматы Якутиядагы (Саха Республикасы) кыргызстандык эмгек мигранттарынын абалын ар дайым көзөмөлдөп турганын билдирди. Мекемеден алынган маалыматка караганда, Борбор Азиядан барган мигранттарга каршы Якутияда өткөн митингдерден кийин абалды жөнгө салуу максатында Кыргызстандан делегация барган. Алар мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, диний лидерлер, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана кыргыз диаспорасы менен жолуккан.

Ушул айдын башында Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү Якутиянын жетекчилиги менен жолугуп, Кыргызстандан барган жарандардын миграциялык каттоого туруудагы кыйынчылыктары, аны жеңилдетүүнүн мүмкүнчүлүгү боюнча маселе көтөргөн. Аймактын ички иштер министри маселе тез арада карала турганын билдирген.

Якутиянын (Саха Республикасы) башчысы Айсен Николаев быйылтан тартып мигранттарга иштөөгө тыюу салынган тармактардын тизмесин кеңейткен буйрукка кол койгон.

Ага ылайык, патенттин негизинде эмгектенген чет өлкөлүк жарандарга азык-түлүк, суусундук, кийим-кече өндүрүшүндө, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында иштөөгө болбойт. Ошондой эле алар шаарларда жана шаар айланасында транспорттук автоунаа, такси жана жүк ташуучу машине айдай албайт. Жалпысынан мигранттарга 33 тармакта иштөөгө тыюу салынган.

Миграция саясатынын катаалдашына быйыл 17-марттагы жергиликтүү тургундардын нааразылык акциясы түрткү болду. Якутиялыктар жергиликтүү аялды кыргызстандык мигрант зордуктаганы тууралуу маалыматка байланыштуу каршылык билдирип чыгышкан.

Ушундан кийин Якутиянын башчысы Айсен Николаев менен Якутск шаарынын мэри Сардана Авксентьева жергиликтүү тургундарга мыйзамсыз мигранттардын маселесин чечүүгө убада беришкен.

Бирок Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова Якутиянын бул буйругу кыргызстандык мигранттарга тиешеси жок экенин «Азаттыкка» билдирген. (КЕ)

Дезир: Борбор Азия өлкөлөрү үчүн сөз эркиндиги маанилүү

Бишкектеги медиа конференция.

Бишкекте «Санариптик трансформация шартында маалымат каражаттарындагы эркиндик жана плюрализм» аттуу Борбор Азия медиа конференциясы өтүп жатат.

Конференцияны Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) уюштурган. Иш-чарага Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнөн жана Монголиядан 100дөн ашык журналист, медиа-эксперттер катышууда. Анын жүрүшүндө санариптик өзгөрүүлөр учурунда маалымат каражаттарынын ролу, ЕККУ кирген аймактагы ачык жана коопсуз Интернет айдыңын түзүү жана сөз эркиндигинин алдындагы чакырыктар жөнүндө талкуу болот.

Форумдун ачылышында ЕККУнун маалымат каражатынын эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир бул конференциянын маанисин белгилеп, анын жүрүшүндө учурдагы жана келечектеги журналистиканын маселелери талкууланарын билдирди.

Дезир азыркы учурдагы санариптик трансформация сөз эркиндиги үчүн жаңы потенциалды жаратканын кошумчалады. ЕККУнун өкүлү Борбор Азия өлкөлөрү үчүн сөз эркиндиги өзгөчө маанилүү экенин жана бул багытта мамлекеттик органдар менен бирге чечүүчү көп маселе барын кошумчалады.

ЕККУ ушундай конференцияны жыл сайын Борбор Азиянын түрдүү мамлекеттеринде уюштуруп келет. Былтыр ал Казакстандын баш калаасында өткөн. (BkA)

Чечен министри бийликтин уруксаты жок ырдоого тыюу салды

Иллюстрациялык сүрөт.

Чеченстандын маданият министри Хож-Бауди Дааев социалдык түйүндөрдө популярдуу болгон жергиликтүү поп-ырчыларга бийликтен уруксат алмайынча чыгармаларын жарыялоого, концерттерде ырдоого тыюу салды. Бул тууралуу ал мамлекеттик «Грозный» телеканалында сүйлөп жатып айтты.

Ырлары жакпай калган аткаруучуларды иш бөлмөсүндө кабыл алган министр аларда «музыка жөнүндө эч кандай түшүнүк жок экенин» жана алар ырчы болууга татыксыз экенин белгиледи.

Дааев ырчы болгусу келген адам Маданият министрлигине караштуу атайын комиссия жактырган репертуары болушу керек экенин кошумчалады. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тапшырмасы менен түзүлгөн бул комиссия ырдын сөзү менен обонунун улуттук маданиятка туура келер-келбесин текшерет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG