Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Отунбаев: Бакиевдер чыгарган каражатты АКШдан кайтаруу боюнча иш улантылууда


Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу боюнча АКШ менен иш уланууда. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мурдагы президенттин үй-бүлөсү каткан башка издөө жана кайтаруу боюнча бир нече мамлекеттик орган иштеп жатат:

"АКШ Бакиевдер чыгарып кеткен 4.6 миллион долларды кайтарып берди. Бул каражат көп болбосо да символикалуу иш болду. Эми ушул жаатта иш уланып жатат. Бул биринчи эле транш болду, эми калган бөлүгү изделет. Биз жактан Тышкы иштер министрлиги, Финансы министрлиги, Башкы прокуратура биргеликте иш алып барат", - деди Отунбаев.

АКШ менен Кыргызстан мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу тууралуу эки тараптуу билдирүүгө 25-февралда Бишкекте кол койгон. Ага ылайык, Бакиев жана анын уулу Максим Бакиев чыгарып кеткен 4,5 млн. долларга жакын каражат Кыргызстанга кайтарылат.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Бакиевдер чыгарып кеткен каражаттын суммасы 250-300 млн. доллар деп бааланганын «Азаттыктагы» маегинде билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG