«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 15-марттан 18-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу автожолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу зарыл.
17-мартта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20,
Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13,
Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22,
Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24, күндүз 0…-5 градус болот.
17-мартта Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 17…19 градус жылыйт.