Жаңжал орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү ортосундагы сүйлөшүүлөр бүгүн да уланат. Бул тууралуу “Азаттыктын” жеринде жүргөн кабарчысы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда аймакта абал тынч.
Сүйлөшүүлөргө Кыргызстан тараптан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, ал эми Тажикстандан премьер-министрдин орун басары Азим Иброгим баш болгон эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү катышууда. Анда чырдын чыгышына себеп болгон Аксай-Тамдык жолунун айланасындагы кырдаал жана жаңжалдан бери жабык турган жолдорду ачуу маселеси талкууланууда.
Учурда жаңжалдан кийин тажик жарандары бөгөп койгон Ош-Баткен-Исфана жолу жана кыргызстандыктар бууган Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жол жабык турат.
Буга чейинки сүйлөшүүлөрдө кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган тергөө топтору иликтеши керек деген чечимге келишкен эле.
13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны өлгөнүн, бир нече адам жабыр тартканын кабарлады. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.(BkA/JsA)