Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Сербияда президентке каршы нааразылык акциялары өттү


Белграддагы нааразылык акциясы
Белграддагы нааразылык акциясы

Сербиянын борбору Белград шаарында өлкө президенти Александр Вучичтин кызматтан кетүүсүн жана жаңы шайлоо жарыялоону талап кылган нааразылык акциялары өттү. 16-март күнү кечинде акциянын катышуучулары мамлекеттик RTS каналынын имаратына кирип барып, түз эфир берүүнү талап кылышты. Бир нече убакыт өткөндөн кийин полиция демонстранттарды телеканалдын имаратынан күч менен чыгарды. Бир нече адам кармалганы кабарланууда. Мындай акциялар өлкөнүн Ниш жана Нови Сад шаарларында да өттү.

Сербияда нааразылык акциялары өткөн жылдын декабрь айынан бери өтүп жатат. Белградда 8-декабрдан бери ар бир ишембиде оппозициянын акциялары өтүүдө. Алгач акциялар оппозициянын лидери саналган саясатчы Борко Стефановичке кол салууга каршы нааразылык иретинде башталса, кийин өлкөнүн башка аймактарына да жайылды. Учурда оппозициянын башкы талабы серб президенти Александр Вучичтин кызматтан кетиши болууда. Өлкөнү 2017-жылдан бери башкарып жаткан Вучич улутчул көз карашты карманат жана тышкы саясатта Орусияны башкы өнөктөш катары көрөт.

Президенттин мындай саясатын оппозиция сынга алып келет.

XS
SM
MD
LG