Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Жаңы Зеландия: кандуу чабуулду уюштурганга айып тагылды


Жаңы Зеландиядагы Крайсчерч шаарындагы 50 адамдын өмүрүн алган эки мечитке чабуулга шектелген Брентон Таррантка “адам өлтүрүү” боюнча айып тагылды. 28 жаштагы Таррантты полициянын коштоосунда сотко алып келишти. Анын дагы эки шериги кармалганын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинди Ардерн ишемби күнкү басма сөз жыйынында Тарант чабуулду улантууну пландаганын айтты.

Премьер-министр бул калабаны “адам чыдагыс зомбулук” деп атап, өлкөдө курал-жарак сатуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Полициянын маалыматы боюнча, кылмышкерде беш курал болгон. Анын баарын мыйзамдуу сатып алган.

Жума намаздагы кыргында 49 киши өлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:42 0:00

15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде жума намаз окулуп жатканда автоматчандар ок жаадырып кирип барышкан. Бул учурда мечитте 300 адам болгон.

Кандуу калабаны уюштурган адам Интернетке мигранттарга каршы улутчу манифест жарыялап, андан соң мечитке кол салганын түз эфирде көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG