Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:21

Паспорт чыры боюнча германиялык компания кайрадан арыз жазды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанга электрондук паспортко бланктарды даярдоо боюнча тендер чырына байланыштуу германиялык «Muhlbauer ID Services» компаниясы Мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаментке кайрадан арыз жазды. Компания буга чейин өткөн тендердин жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнүп жатат. Германиялык компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, Кыргызстандагы “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамды изилдеп чыгып, анда кайрадан арыз жазууга мүмкүнчүлүк бар экенин аныкташкан. Компания ушул укуктан пайдаланып буга чейинки сынактагы мыйзам бузууларды жокко чыгарууну көздөп жатат.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Бул тендерге беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок германиялык «Muhlbauer ID Services» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып келет. Учурда тендер чырын УКМК да иликтеп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG