Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Аксы районунун Боспиек айылында окуянын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында айтты.
“Аксы окуясынын мааниси терең, тарыхый окуя. Элдин аң-сезимин өзгөртүп, акыйкатсыздыкка каршы күрөшкө алып чыкты. Бул окуя менен катар 2005-жылдагы Март жана 2010-жылдагы Апрель окуяларын да унутууга болбойт. Апрель окуясынын түздөн түз катышуучусу, кландык башкарууга каршы чыккан адам катары бул даталуу күндөр менин жүрөгүмдө сакталуу. Кийинки жылы Апрель окуясынын 10 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча жарлыгым даярдалып жатат. Мен президенттик мөөнөтүм аяктаганча кландык башкарууга жол бербеймин. Биздин башкы максат - адилеттүү коом куруу”, - деди Жээнбеков.
Боспиектеги мазарда өткөн эскерүү иш-чарасына саясатчылар Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Турсунбек Акун, Жогорку Кеңештин депутаттары жана 200дөн ашык жергиликтүү тургун катышты. (RsK)