Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:45

Түркия: ок тийген кыргызстандык кыздын абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

"Habertürk" гезитинин маалыматына ылайык, 17-мартта Түркиянын Измир шаарында түрк жаранынын машинасын белгисиз бирөөлөр аткылап, машинеде отурган кыргызстандык кызга ок тийген.

Эге университетинин ооруканасындагы хирургия бөлүмү кызга операция жасалганын, азыр реанимацияда оор абалда жатканын "Азаттыкка" тастыктады.

Измир шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, кылмышкерлер изделүүдө.

Расмий эсеп боюнча Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык бар. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашашат. (ElB)

XS
SM
MD
LG