Саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкекте Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышып, Кыргызстанга күчтүү оппозиция керек экенин айтты.
“Оппозиция бийликке карама-каршы туруп, тең салмактуулукту сактайт. Башка күч жок. Ошондуктан экс-президент Алмазбек Атамбаевди саясаттан кетсин деп талап кылгандар болсо да, мен Атамбаев башында турган социал-демократтардын оппозицияга өтүшүн толугу менен колдойм",-деди Равшан Жээнбеков.
Жээнбеков Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда да аны сындап келгенин, эми анын оппозициядагы ишин колдой турганын кошумчалады. Ошондой эле саясатчы "учурда Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу коркунучу бар экенин" белгиледи.
Бүгүн Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чаралары Бишкекте жана Аксы районунда өтүүдө. КСДП уюштурган Бишкектеги иш-чарада экс-президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, азыркы бийликти сынга алды. Атамбаев Жээнбековду "үй-бүлөлүк башкарууга жол алды" деп айыптап, аны бийликке алып келгени үчүн кыргызстандыктардан кечирим сурады.
Ал эми Аксыда өткөн иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков Аксы окуясы элди эркиндик үчүн күрөшкө алып чыккан күн экенин белгилеп, Кыргызстан мындан ары үй-бүлөлүк башкарууга түшпөй турганын билдирди. (BkA/BTo)