Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Иран жаратылыш газын өндүрүүчү төрт долбоорду ишке киргизди


Ирандын президени Хасан Роухани.
Ирандын президени Хасан Роухани.

Ирандын президени Хасан Роухани Перс булуңунда жаратылыш газын өндүрө турган төрт жаңы долбоорду жекшемби күнү ишке киргизди. Расмий Тегеран "Түштүк Парс" газ корундагы бул долбоорлорду бүткөрүү үчүн баш-аягы 11 миллиард доллар сарптады.

Ирандын Мунай министрлиги 17-мартта билдиргендей, төрт долбоордун ишке кириши менен өлкөдө бир күн ичинде өндүрүлгөн жаратылыш газынын көлөмү дагы 110 миллион куб метрге көбөйөт.

Дүйнөдөгү эң ири газ кору саналган "Түштүк Парсты" Иран менен Катар чогуу иштетип келет.

Франциянын "Total" компаниясы жана "Кытайдын улуттук мунай корпорациясы" (CNPC) 2018-жылы "Түштүк Парстагы" бир долбоорду каржылоону токтоткон. Буга АКШнын Иран менен иш алып барган ишканаларга санкция киргизери тууралуу эскертүүсү себеп болгон.

Бирок Ирандын мунай министри Бижан Занганеш кытайлык ишканалар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын 16-мартта айтты.

XS
SM
MD
LG