Пакистан Жаңы Зеландиядагы теракттан кийин 18-мартты аза күтүү күнү деп жарыялады.
15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттерине куралдуу кол салуудан Пакистандын тогуз жараны мерт болгон.
«Жалпы эл кайгырып жатат», - деп билдирди Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши 17-мартта.
Исламабад мечитте өлгөн 50 жаштагы Миан Наим Рашидди өзгөчө белгилөөдө. Ал ошол күнү 22 жаштагы уулу менен автоматчандарды токтотууга аракет кылып жатып өлгөн. Пакистандын премьер-министри Имран Хан Рашидди улуттук баатыр деп атады.
Мечитке кол салуудан жалпысынан элүү киши мерт болгон. Алардын ичинде Ооганстандын, Бангладештин, Түркиянын, Сауд Арабиясынын, Иорданиянын, Индонезиянын, Малайзиянын, Египеттин жана АКШнын жарандары болгон.
Бул теракт үчүн 28 жаштагы австралиялык Брентон Таррант кармалып, камалган. Ал Интернетке мигранттарга каршы улутчул манифест жарыялап, андан соң мечитке кол салганын түз эфирде көрсөткөн.
Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн ишемби күнкү басма сөз жыйынында Тарант чабуулду улантууну пландаганын айтты.
Премьер-министр бул калабаны «адам чыдагыс зомбулук» деп атап, өлкөдө курал-жарак сатуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл экенин белгиледи.
Полициянын маалыматы боюнча, кылмышкерде беш курал болгон. Анын баарын алар мыйзамдуу сатып алган.