17-марттагы сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу журналисттерге маалымат берилген жок. Ага чейинки сүйлөшүүлөрдө кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган тергөө топтору иликтеши керек деген чечим кабыл алынган.
15-марттан бери жүрүп жаткан сүйлөшүүгө Кыргызстан тараптан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, ал эми Тажикстандан премьер-министрдин орун басары Азим Иброгим баш болгон эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү катышууда. Анда чырдын чыгышына себеп болгон Аксай-Тамдык жолунун айланасындагы кырдаал жана жаңжалдан бери жабык турган жолдорду ачуу маселеси талкууланып жатат.
Чек арада жүргөн кабарчыбыздын маалыматы боюнча, жаңжалдан кийин тажик жарандары бөгөп койгон Ош-Баткен-Исфана жолу жана кыргызстандыктар бууган Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жол жабык турат. Кырдаал тынч. Аймактагы кырдаалга чек арачылар менен кошо ички иштер кызматкерлери да көз салып турушканы кабарланууда. Мурдараак ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Ак-Сайга барып, абал менен таанышып, ок тийип жарадар болгон жарандар менен жолукканы маалымдалган.
13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны өлгөнүн, бир нече адам жабыр тартканын кабарлады. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.(JsA/ZKo)