Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан улам коопсуз жайга чыгарылган Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундарына гуманитардык жардам берилип жатат. «Балдардын укуктарын коргоо лигасы» коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, уюм ар бир муктаж үй-бүлөгө зарыл болгон буюмдарды, кийим-кече жана азык-түлүк алып берген.
«Биз баласы бар үй-бүлөлөргө гигиеналык каражаттарды, балдарга бут кийим жана башка кийимдерин алып бердик. Мындан тышкары балдардын, энелердин жана кош бойлуу аялдардын медициналык, психологиялык жана башка жардам алышына да колубуздан келишинче көмөктөштүк»,- деди Назгүл Турдубекова.
Мындан тышкары, аймакта Кызыл жарым ай коому, жергиликтүү бийлик жана карапайым адамдар үй-жайынан тышта убактылуу жашап жаткандарга жардам берип жатышат.
Маалыматтарга ылайык, Ак-Сайдан чыгарылган 450дөй адамдын 60к жакыны №57 кесиптик лицейдин жатаканасына жайгаштырылган. Келгендердин көбүн аймактагы туугандары жана тааныштары өз үйлөрүнө алып кетишкен.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 13-мартта чыгып, 14-мартта да уланды. Андан кыргыз тараптан үч адамга ок тийди, тажик тарапта эки адам өлүп, бир нече киши жарадар болгону кабарланды.
«Азаттыктын» кабарчысынын айтымында, жаңжал чыккан аймакта азыр абал тынч, топтолгон эл жок, жабылган жолдор ачыла элек. (ZKo)