Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Өсмө менен ооруган балдар бөлүмүнө жардам берилет


Онкология борборунун балдар бөлүмү.
Онкология борборунун балдар бөлүмү.

«Helpthechildren-SKD» фонду жана Иран Ислам Республикасынын Бишкектеги элчилиги Улуттук онкология жана гематология борборундагы балдар бөлүмүнө жардам көрсөтөт.

Алар 19-мартта Нооруз майрамын утурлай бөлүмгө компьютер жана принтер белек кылышат. Ошондой эле 104 миң сомдук кымбат баалуу витаминдер алынды. Ар бир балага сүрөт тартуучу мольберт, боёк кагаздары менен тартууланат.

Кыргызстанда 25 миңден ашуун адам өсмө (рак) оорулары менен каттоодо турат. Алардын 3 миңге чукулу 18ге чыга элек балдар жана өспүрүмдөр. (BCh)

XS
SM
MD
LG