Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

«Фейсбук» мечиттеги теракттын 1,5 млн. видеосун өчүрдү


Брентон Таррант сотко жеткирилген учур. 17-март, 2019-жыл.
Брентон Таррант сотко жеткирилген учур. 17-март, 2019-жыл.

Жаңы Зеландиядагы Крайсчерч шаарындагы 50 адамдын өмүрүн алган эки мечиттеги теракт тартылган тасманын оңдолгон варианттары да өчүрүлгөнүн компаниянын өкүлү Мия Гэрлик билдирди.

15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде жума намаз окулуп жатканда 28 жаштагы австралиялык Брентон Таррант мечитке кирип барып, андагы адамдарды аткылаганын «Фейсбуктагы» баракчасында түз эфирде көрсөткөн.

Теракттан кийинки алгачкы сааттарда тасманын 17 мүнөттүк толук версиясы башка соцтармактарга таркап кеткен. Полициянын тыюусуна карабай, айрым маалымат каражаттары да аны көрсөтүшкөн.

«Фейсбукту» өз эрежелерине карабай, түз эфирдеги берүүнү токтотуп салбаганы жана бул тасманын жайылышын токтотууга аракет кылбаганы үчүн коомчулук айыптап чыккан.

Мечиттердеги теракт боюнча шектүү Брентон Таррантка 17-мартта «киши өлтүрүү» боюнча айып тагылды. Анын дагы эки шериги кармалганын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн ишемби күнкү терактты «адам чыдагыс зомбулук» деп атап, өлкөдө курал-жарак сатуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл экенин белгиледи.

Полициянын маалыматы боюнча, кылмышкерде беш курал болгон. Анын баарын мыйзамдуу сатып алган.

15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде жума намаз окулуп жатканда автоматчандар ок жаадырып кирип барышкан. Бул учурда мечитте 300 адам болгон.

Терактты уюштурган адам Интернетке мигранттарга каршы улутчул манифест жарыялап, андан соң мечитке кол салганын түз эфирде көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG