Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Чет өлкөгө чыккан жашы жете электерге маалымкат берилбейт


Кыргыз паспорту.
Кыргыз паспорту.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2019-жылдын 1-июлунан тартып 16 жашка чыга элек балдарга чет өлкөгө чыгыш үчүн маалымкат (справка) берүүнү токтотот. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Элиза Кыдырмышева кабарлады:

«Азыр Казакстанга, Орусияга жана Өзбекстанга чыгыш үчүн жалпы жарандык паспорту жок эле туулгандыгы тууралуу күбөлүккө жарандыгын тастыктаган маалымкат берилип келет. Чет мамлекетке чыгыш үчүн күбөлүккө кошо ошол маалымкатты алуу жетиштүү болчу. Эми ушул жылдын 1-июлунан баштап биз аны токтотуп жатабыз».

Мамлекеттик каттоо кызматы муну жашы жете элек балдарды чет өлкөгө мыйзамсыз алып кетүүгө бөгөт коюу аракети менен түшүндүрдү.

Ушундан улам жаңы эрежелер боюнча, 1-июлдан баштап Казакстанга, Орусияга жана Өзбекстанга бараткан 16 жашка толо элек балдарга да жалпы жарандык паспорт жасалууга тийиш. (BTo)

XS
SM
MD
LG