Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Чек ара кызматы Кызыл чырымдын машинеси боюнча түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Эл аралык кызыл чырым комитетинин өкүлдөрүнүн автоунаасына байланыштуу маалыматтарга жооп берди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 16-мартта болгон. Кызыл чырым комитетинин эн белгиси бар автоунаа Ак-Сай айылына жакын жайгашкан Дача тилкеси аркылуу өтүүгө аракет кылган. Бирок ал аймактагы жолду жергиликтүү тургундар тосуп тургандыктан жана Кызыл чырым комитетинин автоунаасынан тышкары аталган комитетке тиешеси бар-жогу билинбеген машинелер болгондуктан өткөрүлгөн эмес.

Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү Кызыл чырымдын кызматкерлерине кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды түшүндүрүшкөндөн кийин алар артка кайткан.

Тажикстандын бир катар маалымат каражаттары Кыргызстандын чек ара кызматкерлери эл аралык уюмдун машинесин Ворух анклавына өткөрбөй койгонун жазып жатышат.

13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны өлгөнүн, бир нече адам жабыр тартканын кабарлады. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.

15-марттан бери Кыргызстан тараптан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, ал эми Тажикстандан премьер-министрдин орун басары Азим Иброгим баш болгон эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG