Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Баткен районунун прокурорунун орун басары пара менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, 2019-жылдын 13-январында Өзбекстандын жарандары ижарага алган турак-жайдан өрт чыккан. Ал сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Февралдын башында Баткен шаардык ички иштер башкармалыгы «кылмыштын белгилери жок» деп ишти токтотуп, анын мыйзамдуулугун текшериш үчүн Баткен райондук прокуратурасына жөнөткөн.

Ишти караган райондук прокурордун орун басары Өзбекстандын жарандарынын бирин «иштөөгө тиешелүү документтери жок» экенин жана аны депортация кыларын айтып коркутуп, 30 миң сом талап кылган.

16-мартта ал 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, камакка алынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG