ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:05

Бишкекте жылуулук берүү 19-мартта токтотулат

Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ).
Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ).

Бишкек шаарында 19-марттан тартып жылуулук берүү өчүрүлө баштайт. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Тиешелүү чечим бүгүн, 18-мартта күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча түзүлгөн ыкчам штабдын Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) өткөн жыйынында кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, аба ырайы беш күн катары менен 8 градустан төмөн болбосо, жылуулук берүү токтотулат. Тийиштүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол коет.

Буга чейин айрым шаардыктар батирлер ысык болуп жатканын социалдык тармактарга жазып, мэриядан жылуулук берүүнү токтотууну суранышкан.

Быйылкы кышкы мезгилдеги жылуулук өткөн жылдын октябрь айында бериле баштаган. (BTo)

​
XS
SM
MD
LG