Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөр аяктады


Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу сүйлөшүүлөр. 18-март, 2019-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу сүйлөшүүлөр. 18-март, 2019-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен учурда жабык турган бардык жолдор ачылып, Аксай-Тамдык жолу курулмай болду.

Тиешелүү чечим Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандан премьер-министринин орун басары Азим Иброгим баш болгон эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды. Бул тууралуу жеринен «Азаттыктын» кабарчысы Жеңиш Айдаров кабарлады.

13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны өлгөнүн, бир нече адам жабыр тартканын кабарлады. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.

Жаңжалдан кийин тажик жарандары Ош-Баткен-Исфана жолун, ал эми кыргызстандыктар Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жолду жаап коюшкан.

Чырдын чыгышына Аксай-Тамдык жолунун курулуш себеп болгону айтылган. Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү 14-марттан бери Ак-Сай айылынын Дача участкасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бүгүн чечим кабыл алынды. (BTo/JsA)

XS
SM
MD
LG