Босниялык сербдердин мурдагы лидери, БУУнун Эл аралык трибуналы 40 жылга эркинен ажыраткан Радован Каражичтин доо арызын караган Гаага сотунун чечими 20-мартта чыгары кабарланды.
Сот прокурорлордун Каражичке геноцидге байланыштуу коюлган айыпты алып салган мурдагы өкүмдү жок кылып, аны өмүр бою эркинен ажыратууну суранган өтүнүчүн да карайт.
2016-жылы мурдагы Югославия боюнча БУУнун Эл аралык трибуналы босниялык сербдердин экс-лидери Радован Каражичти Сребреницадагы геноцид жана 1990-жылдары Балкан согушу маалында адамзатка каршы кылмыштары үчүн күнөөлүү деп таап, 40 жылга эркинен ажыраткан. Каражич өз арызында сот чечим чыгарууда элүүдөй ката кетиргенин жазган.
Мурдагы психиатр жана өзүн акын атаган 73 жаштагы Каражич Югославия ич ара бөлүнгөн кезде бийликке келген.
Сребреницадагы мусулман эркектердин өлтүрүлүшү Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы «эң ырайымсыз кыргын» деп таанылган.