Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:03

Пентагон Сириядан америкалык аскерлер кетерин ырастады

Cириядагы америкалык армиянын чопкутталган техникасы. 15-декабрь, 2018-жыл.
Cириядагы америкалык армиянын чопкутталган техникасы. 15-декабрь, 2018-жыл.

Пентагон «​АКШ жарандык согушка баткан Сирияда 1000дей аскерин калтырат» деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы, генерал Жозеф Данфорд 17-мартта билдирди.

«Февраль айында жарыяланган планда эч кандай өзгөрүү боло элек. Биз Сириядагы күчтөрдүү азайтуу боюнча президенттин буйругун аткарууну улантып жатабыз», - деди америкалык генерал.

«Wall Street Journal» басылмасы Сириянын түндүк-чыгыш жагында күрттөр үчүн коопсуз аймак түзүү боюнча АКШнын Европадагы союздаштары жана Түркия менен сүйлөшүүлөрү «оң натыйжа бербегендиктен Пентагон бул мамлекетте 1000дей аскерин калтырууга аргасыз болгонун» жазып чыккан.

Былтыр декабрда президент Дональд Трамп Вашингтон Сириядан 2000дей аскерин толук чыгарып кетерин жарыялаган. Президенттин мындай чечимин көптөр сындашкан, Ак үй 400дөй жоокерин калтырарын билдирген.

Сирияда жарандык согуш башталганына мартта сегиз жыл толот. Орусия менен Иран куралдуу жаңжалда президент Башар Асадды колдосо, АКШ менен Түркия өкмөткө каршы күрөшкөн козголоңчулардын таламын талашып келатышат.

Сирияда 2011-жылдан бери басылбаган согушта 400 миңдей киши кырылды. Беш миллиондой адам качкынга айланды.

XS
SM
MD
LG