Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:01

Кыргыз-тажик чек арасындагы тосулган жолдор ачылды


Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу сүйлөшүүлөр. 18-март, 2019-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу сүйлөшүүлөр. 18-март, 2019-жыл.

Бир нече мүнөт мурда Баткендин Ак-Сай айылынан буулуп турган Ворух-Исфара жолу ачылды. Алгачкы автоунаалар жана адамдар өтүштү. Ошол эле учурда Кыргызстандын Лейлек району менен Баткен шаарын туташтырып турган Ош-Исфана жолу да ачылды. Каттамдар жүрө баштады. Бул тууралуу аймактагы кабарчыбыз маалымдады.

Жолдор 15-марттан бери эки тараптуу жүргөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, 18-марттагы чечимдин негизинде ачылды. Мындан тышкары Ак-Сай - Тамдык жолу да курула турган болду. Бул тууралуу чечим Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандан премьер-министринин орун басары Азим Иброгим баш болгон эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин, 18-мартта кабыл алынды.

13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны өлгөнүн, бир нече адам жарадар болгонун кабарлады. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.

Жаңжалдан кийин тажик жарандары Ош-Баткен-Исфана жолун, ал эми кыргызстандыктар Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жолду жаап коюшкан.

Чырдын чыгышына Аксай-Тамдык жолунун курулуш себеп болгону айтылган. Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү 14-марттан бери Ак-Сай айылынын Дача участкасында сүйлөшүүлөр жүрүп келген.

Ворух айылы - Баткен облусунун аймагындагы Тажикстандын анклавы. Анда 38 миң киши жашайт.

Ушул тапта үйлөрүнөн коопсуз жакка чыгарылган Ак-Сай айылынын тургундары үйлөрүнө кайтаары да күтүлүп жатат. (JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG