Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Көкбөрү: «Достук» «Четиндиге» 22 улак таштады


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Бишкекте өтүп жаткан көкбөрү боюнча республикалык «Нооруз-2019» турниринде Оштун «Достук» командасы бүгүн алгачкы оюнун өткөрдү. Анын атаандашы Чүйдүн «Четинди» командасы болду.

Оюн алгачкы мүнөттөн баштап Ош командасынын ишеничтүү басымы алдында өтүп, жыйынтыгында ал 22 жолу тайказанга улак таштады. Өз кезегинде «Четиндинин» улакчылары атаандашына болгону бир улак салганга жетишти.

«Достук» командасы былтыркы турнирде экинчи орунду алган. Бул команданын курамында белгилүү улакчы Манас Ниязов ойнойт. (SDz)

XS
SM
MD
LG