Украинанын мурдагы премьер-министри, президенттик шайлоого талапкерлигин койгон Юлия Тимошенко Крымдын аннексиясына каршы аскердик күч колдонуудан баш тарткан Киевдин чечимин колдой турганын кайталады.
Буга Тимошенко беш жыл мурун Крым жарым аралын Орусия өзүнө каратып алган маалда Украинада аскердик жана дипломатиялык курал болбогонун жүйө келтирди. Ошондой эле ал окуя Украинанын чыгышында кан төгүүлөр менен уланганын белгиледи.
“Ал окуя башталганда Украинада армия да, эл аралык колдоо да жок эле” – деди Тимошенко “Азаттыктын” украин кызматы менен болгон маегинде.
Украинанын чыгышындагы жаңжалда 13 миңдей киши өлүп, 30 миңдей адам жарадар болгон. Улуттар Уюмунун жана украин бийлигинин маалыматына ылайык, бир миллиондой киши үй-жайын таштап кеткен.
58 жаштагы Тимошенко 31-мартта өтчү президенттик шайлоого аттанган 39 талапкердин алдында бараткан үчөөнүн бири саналат. Сурамжылоолорго караганда, Владимир Зеленский жана учурдагы президент Петро Порошенко үчөө удаа келатышат.