13-14-март күндөрү кыргыз-тажик чек арасында болгон кырдаалды 19-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети талкуулайт.
Жыйында өткөн аптада чек арага барып, кырдаалды көрүп келген депутаттар жана өкмөттүн тиешелүү өкүлдөрү маалымат беришмекчи. Бул тууралуу чек арага барып келген депутаттардын бири Карамат Орозова «Азаттыкка» билдирди:
«Биз элдин коопсуздугу үчүн чек араны тактоону тездетүүнү, Ак-Сай-Тамдык, Ак-Сай - Рават, Ак-Сай - Көк-Таш жолдорун эртерээк бүтүрүүнү, чек арадагы жашаган жарандарыбыз башка коопсуз жакка көчүп кетип калбашы үчүн аларга керектүү социалдык шарттарды түзүүнү жана элдин суроо-талаптарын мүмкүн болушунча ишке ашырууну палатада карап, токтом менен өкмөткө сунуш кылабыз. Өкмөт бюджетке бул маселелерди киргизсе, колдоп берүүгө даярбыз. Чек ара маселеси боюнча атайын өкмөттүк күн белгилеп, алардан толук маалымат алууга аракет кылабыз», - деди Карамат Орозова.
Орозованын маалыматы боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу маселе шаршембиде жалпы пленардык отурумга чыгарылышы күтүлүүдө.
13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны өлгөнүн, бир нече адам жабыр тартканын кабарлады. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.
Жаңжалдан кийин тажик жарандары Ош-Баткен-Исфана жолун, ал эми кыргызстандыктар Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жолду жаап коюшкан.
Чырдын чыгышына Ак-Сай-Тамдык жолунун курулуш себеп болгону айтылган. Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү 14-марттан бери Ак-Сай айылынын Дача участкасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 18-мартта жабык турган бардык жолдорду ачуу жана Ак-Сай-Тамдык жолун куруу чечими кабыл алынган.(ZKo)