Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:26

Түркия күрд жикчилдерине каршы Иран менен чогуу операция өткөрөрүн кабарлады


Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Бул тууралуу түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 18-мартта билдирип, күжүрмөн операция Түркияда тыюу салынган Күрдстан жумушчу партиясынын согушкерлерине каршы багытталганын билдирди.

ТРТ телеканалы ички иштер министри Сулейман Сойлунун «Бүгүн саат 8:00де Түркия Иран менен биргелешкен алгачкы операциясын өткөрдү» деген сөзүн берди. Бирок операция кайсы жерде болгону ачык айтылган жок.

Түркия, Ирак, Сирия жана Иран чектешкен аймакта миллионго чукул күрддөр жашайт.

Ирандын жарым-жартылай расмий «Фарс» агенттиги Иран армиясындагы булагына таянып, расмий Тегерандын операцияга катышы жок экенин жазды.

Ислам ыңкылабынын күзөтчү корпусу Түркия менен чектешкен аймагында күрд козголоңчулары менен чырдашкан учурлар бар.

XS
SM
MD
LG