Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Парламент комитети чек арадагы кырдаалды жабык карап жатат


Кыргыз-тажик чек арасы. 15-март, 2019-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасы. 15-март, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 13-14-марттагы кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжал боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Жыйынды жабык эшик артында өткөрүүнү вице-премьер-министр Замир Аскаров сунуш кылды. Отурумда өкмөттүн чек араларды тактоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Курбанбай Искандаров, Мамлекеттик чек ара кызматынын, ИИМдин жана башка тармактык комитеттердин жетекчилери катышууда.

13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны өлгөнүн, бир нече адам жабыр тартканын кабарлады. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.

Жаңжалдан кийин тажик жарандары Ош-Баткен-Исфана жолун, ал эми кыргызстандыктар Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жолду жаап коюшкан.

Чырдын чыгышына Ак-Сай-Тамдык жолунун курулуш себеп болгону айтылган. Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү 14-марттан бери Ак-Сай айылынын Дача участкасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 18-мартта жабык турган бардык жолдорду ачуу жана Ак-Сай-Тамдык жолун куруу жөнүндө чечим кабыл алынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG