Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү Якутиядагы окуя боюнча билдирүү таратты


Якутск шаарында мигранттарга каршы чыккандар. 17-март, 2019-жыл.
Якутск шаарында мигранттарга каршы чыккандар. 17-март, 2019-жыл.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Якутияда кыргызстандык катышкан кылмыш иши жана жергиликтүү тургундардын мигранттарга каршы митинги боюнча билдирүү таратты.

Анда Якутиянын аймагында Кыргызстандан барган мигранттар жасаган мыйзамсыз иштер буга чейин да катталганы айтылат. 11-мартта Якутскидеги жогорку окуу жайларынын биринде окуган кыргызстандыктын социалдык тармакка жазган билдирүүсү жергиликтүү тургундардын кыжырын келтирип, анын коопсуздугу үчүн ал Кыргызстанга жөнөтүлгөн.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү элчилик мекендештерди мыйзамды сыйлоого жана аткарууга, коомдук жайларда жүрүм-турумдун этикалык нормаларын сактоого чакырып келерин кабарлады.

Якутиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, 17-марттын таңында белгисиз үч адам бир аялды зордоп машинеге салган. Тергөөнүн версиясы боюнча 23 жаштагы шектүү «машинени гараж тарапка айдап барып, аялды зордуктаган». Мекеме «Зордуктоо» жана «Адам уурдоо» беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

Тергөө комитети шектүүлөрдүн бири кармалып, күнөөсүн мойнуна алганын ырастады. Ал кыргызстандык жаран болуп чыккан.

Бул окуядан соң Якутск шаарынын тургундары нааразылык акциясына чыгышкан.

Якутиянын башчысы Айсен Николаев шаардыктарды тынчтыкка жана сабырдуулукка чакырып, «мыйзамсыз миграция менен күрөштү күчөтүүгө» убада берди. (BTo)

XS
SM
MD
LG