Кыргызстандын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 63-сессиясынын алкагында баяндама жасады. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.
Өмүрбекова өз баяндамасында Кыргызстандагы социалдык коргоо жана жумуштуулук жаатындагы саясат, адам укуктары, гендердик теңчилик жана башка темалар жөнүндө айтты.
Ал бул багытта Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерди, анын катарында Аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенцияны, Бээжин Аракеттер платформасын жана 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүүнүн глобалдык күн тартиби эрежелеринин алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу кеп салды.
БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 63-сессиясы АКШнын Нью-Йорк шаарында, БУУнун штаб-квартирасында өтүп жатат. 12-мартта башталган жыйын эки жумага созулат деп кабарланган. (ErN)