Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов өткөн аптада облуста киши өлтүрүү боюнча удаа эки факты катталганын билдирди.
15-март күнү Караколдун көчөлөрүнүн биринде аял кишинин сөөгү табылган. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу аял ур-токмоктун айынан өлгөнүн аныктаган. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча тергөө иштери башталган.
Анын өлүмүнө шектүү катары Ак-Суу жана Тоң районунун тургундары, эки аял кармалган. Алар берген көрсөтмөсүндө «маркумду ичимдик ичип отуруп өлтүрүп коюшканын» айтышкан.
Ушул эле Каракол шаарында 16-мартта эркек киши бычакталып, Ысык-Көл облустук ооруканасында өзүнө келбей жан берген. Бул факт боюнча да «Киши өлтүрүү» беренеси менен тергөө иштери башталган.
Анын өлүмүнө шектүү катары аталган шаардын тургуну кармалып, кылмышты моюнга алган. Ал спирт ичимдигин ичип отуруп, маркумду ортодо чыккан чырдан улам өлтүрүп салганын айткан. (AsM)