Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

Бишкекте баскетбол боюнча эл аралык мелдеш башталды


Баскетбол боюнча мелдеш учуру.
Баскетбол боюнча мелдеш учуру.

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда «Тамекисиз спорт» урааны алдында баскетбол боюнча эл аралык мелдеш башталды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда мелдешке Кыргызстандан, Казакстандан жана Өзбекстандан алты команда катышып жатат.

Мелдешке катышкан командалардын төртөө Бишкек шаарынан: «Гиннес 29», «Мой телефон», «Тулпар СКИФ» жана «Политехник» командалары. Өзбекстандын Ташкент шаарынан СКА МО РУ жана Казакстандын Жамбыл облусунун командасы катышып жатат.

Командалар айлампа системасында ойноп, эң көп упай топтогон команда жеңүүчү болот. Мелдеш 21-мартта жыйынтыкталат.

Турнирди өткөрүү үчүн Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 43 миң сом каралган. (GT)

XS
SM
MD
LG