Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

УИА: Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынан 20 млн. сом үнөмдөлдү


Улуттук илимдер академиясы.
Улуттук илимдер академиясы.

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеӊеште Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү.

Анда аталган программанын алкагында Улуттук илимдер академиясына бөлүнгөн каражаттан 20 млн. сом үнөмдөлгөнү белгилүү болду.

ЭлТр телеканалы бул каражаттан 15 млн. сом бөлүп берүүнү сурап жатат. Ага көркөм фильмдерди, мультфильмдерди которуп, видеосабактарды даярдоону максат кылууда.

КТРК да техникалык жабдууларды жаңыртып, аудиокитептерди жаздыруу үчүн 10 млн. сом акча каражаты керек экенин айтууда.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигине бөлүнгөн каражаттан 6 млн. 200 миң сом белгиленген иш-чаралардын аткарылбаганынан улам калып калган. Министрликтин өкүлү каражатты министрликке калтырууну өтүндү.

Жыйында каражат сураган тараптарга сунуштарын так-даана даярдап келүү тапшырылып, акчаны бөлүштүрүп берүү кийинки жыйында чечилмей болду. (BTo)

XS
SM
MD
LG