Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 18:19

Гүлзада Калыкул кызы атайын олимпиада оюндарында алтын медаль утту


Жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты.

Жеңил атлет Гүлзада Калыкул кызы ушу тапта Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан атайын Олимп оюндарында алтын медаль тагынды.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда Гүлзада Калыкул кызы жеңил атлетика боюнча 100 метр аралыкка чуркап, F01 дивизионунда 20.1 секундада марага биринчи келген.

Аталган жарышта 2-орунду кытыйлык спортчу Йийи Као (00:21.04), 3-орунду ливандык Мариам Али (00:21.38) алды. Мелдеш 21-мартка чейин уланат. Ага Кыргызстандан спорттун эки түрүнөн төрт спортчу катышууда. (GT)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG