Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:10

Турсунбеков: Казакстандагы саясий кырдаал Кыргызстан үчүн маанилүү


Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев бир жыл мурун эле Нурсултан Назарбаевдин кызматтан кетиши тууралуу ишарат кылганын билдирди.

Ал Назарбаевдин Казакстан үчүн жасаган эмгегин белгилеп, эл аралык саясатта да аброю чоң экенин айтты. Ошондой эле Казакстандын саясатындагы акыркы окуянын Кыргызстанга таасири тууралуу пикирин билдирди:

«Бул биринчи кезекте Кыргызстан үчүн маанилүү. Анткени Кыргызстандын жашоосу түндүк тараптан Казакстан, түштүк-чыгыш тараптан Кытай менен өтө тыгыз байланышкан. Биздин соода жүгүртүүбүз мына ушул эки өлкөнүн чеги аркылуу болот. Кандай гана товарыбыз кирип-чыкпасын, ал Казакстан менен Кытайдын чек арасына байланышкан. Ушундан улам баарыбыз «Казакстандын мындан кийинки саясаты кандай болот?» деп кулак түрүп калдык. Казакстандын башына келчү жетекчинин Кыргызстанга жана ЕАЭБге кылган мамилеси, мурдакы саясатты улантууга болгон мамилеси түздөн-түз Кыргызстандын экономикасына таасирин тийгизет. Демек, Кыргызстан үчүн бир чети түйшөлткөн иш».

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 19-мартта теле аркылуу элге кайрылып жатып, мамлекет башчылыктан кетүү жөнүндө чечим кабыл алганын билдирди. Казак мыйзамдары боюнча, президенттин милдетин Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев убактылуу аткарып турат.

79 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1990-жылдын 24-апрелинен бери президент катары жетектеп келаткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG