Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:18

Нурбаев: Назарбаев бийликтен толук кеткен жок


Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кызматтан кетиши тууралуу ой бөлүштү. Депутат акыркы кезде кыргыз-казак алакасы жакшырганын жана эки өлкөнүн президенттеринин мамилеси да жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн айтты.

Ал Назарбаев өлкө жетекчилигинен кетип жатканы менен Коопсуздук кеңеши аркылуу таасири күчүндө каларын билдирди:

«Назарбаев бийликтен толук кеткен жок. Ал Казакстандын Коопсуздук кеңешин башкарат. Коопсуздук кеңеши кайра эле президенттин үстүндөгү орган болуп эсептелет. Бул бир четинен караганда президенттикти башка адамга жеңил жол менен өткөрүп берүүнүн жолу. Өзүнүн адамы президент болуп, элдин ишенимине киргенче өзү көзөмөл кылып турат деп ойлойм».

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 19-мартта теле аркылуу элге кайрылып жатып, мамлекет башчылыктан кетүү жөнүндө чечим кабыл алганын билдирди. Казак мыйзамдары боюнча, президенттин милдетин Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев убактылуу аткарып турат.

79 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1990-жылдын 24-апрелинен бери президент катары жетектеп келаткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG