Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Масалиев: Назарбаев өз мезгилинен кечикпей кетүүгө аракет кылды


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Кыргызстандагы Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиев казак президенти Нурсултан Назарбаевдин таасири бир топ убакытка чейин сакталып турат деп эсептейт.

«Эгер ал өз ыктыяры менен кеткен болсо, анын таасири көп убакытка чейин сакталып турат. Ал саясаттан алыс кетпейт. Татарстанда тажрыйба бар, мамлекеттик катчы деген өзгөчө кызмат орун бар. Ал сый-урмат менен саясатка аралашып, анча-мынча кеңешин берип турат, бирок сахнага чыгып биздикине окшоп «досум» деп сүйлөбөйт. Менимче, Назарбаев ушул жолду тандап алат», - деди Масалиев.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 19-мартта теле аркылуу элге кайрылып жатып, мамлекет башчылыктан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Казак мыйзамдары боюнча парламенттин төрагасы Касым-Жомарт Токаев шайлоого чейин мамлекетти жетектеп турат.

Нурсултан Назарбаев 1990-жылы 24-апрелде эгемен Казакстандын алгачкы президенти болуп шайланган. 2015-жылы апрелде бешинчи ирет 97% добуш менен президенттик шайлоодо утуп чыккан. Ал Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Компартиянын биринчи катчылыгынан түз президенттик бийликке өткөн мамлекет башчылардын бири. (ZKo)

XS
SM
MD
LG