Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) Кыргызстандагы өкүлү Яхья Саид миссиясы аяктаганына байланыштуу кызматын тапшырып, анын ордуна Тигран Погосян дайындалды. Бул тууралуу 19-мартта аталган фонддун Кыргызстанга келген атайын миссиясынын жетекчиси Кристиан Жос Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирди.
Яхья Саид бул кызматты 2016-жылдан бери аркалап келе жаткан. Фонддун андан мурдагы өкүлү Юрий Соболев 2015-жылы Кыргызстандын Улуттук банкынын нааразылыгынан улам ишин тапшырган.
Басма сөз жыйынында Кристиан Жос Кыргызстандын келерки жети-сегиз жылдык экономикалык өнүгүшүнө комментарий жасады. Ал Кумтөр кенинде 2026-жылы алтын өндүрүү токтой турганын белгилеп, кыргыз өкмөтү кенден түшкөн каражатты компенсациялаш үчүн башка альтернатива табууга аракет кылышы керек экенин эскертти. Жос 2019-жылы Кыргызстандын экономикасындагы өсүш ички дүң өнүмгө карата 3,8% түзөөрүн болжолдоду.
Кристиан Жос жетектеген атайын миссия Кыргызстанга 6-мартта келген. Бул топ Бишкекте бир катар жолугушууларды өткөрүп, Кыргызстан менен фонддун макулдашуусундагы IV берене боюнча кеңешүү жүргүзүп жатат.
Бул аралыкта ЭВФтин аткаруучу директору Пол Индербинен Кыргызстанга иш сапары менен келгени кабарланды.
ЭВФ Кыргызстанга 1992-жылдан бери насыя берип келатат. 2018-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстан аталган фондго карызы 166,84 миллион долларды (11 миллиард 653 миллион сом) түзгөн. (ErN)