Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган тиешелүү жетекчилер депутаттарга кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек арасынын абалы тууралуу маалымат беришет. Өткөн аптада жаңжал чыккан кыргыз-тажик чек арасына барып келген депутаттардын бири - "Республика - Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү Таабалды Тиллаевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, өкмөт мүчөлөрү чек ара кызматкерлери менен чогуу кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын чечилиши, анда жетишилген келишимдер тууралуу да маалымат беришет:
- Негизинен акыркы кырдаал боюнча маалыматын угабыз. Андан тышкары жалпы эле чек арадагы маселелер, чек арада жайгашкан айылдарга атайын макам берип, андагы элдин социалдык төлөмдөрүн көбөйтүү жана башка жашоо-шартын жакшыртуу жагын да карайбыз. Анткени чек арадагы эл чыныгы чеп болуп эсептелет.
13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны өлгөнүн, бир нече адам жабыр тартканын кабарлады. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.
Жаңжалдан кийин тажик жарандары Ош-Баткен-Исфана жолун, ал эми кыргызстандыктар Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жолду жаап коюшкан.
Чырдын чыгышына Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу себеп болгону айтылган. Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү 14-марттан бери Ак-Сай айылынын Дача участкасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 18-мартта жабык турган бардык жолдорду ачуу жана Ак-Сай-Тамдык жолун куруу чечими кабыл алынган. (ZKo)