Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

ЭВФ: Улуттук банк коммерциялык банкка ээлик кылууга укугу жок


Кристиан Жос. ЭВФтин өкүлү.
Кристиан Жос. ЭВФтин өкүлү.

Кыргызстан Улуттук банкынын "Росинбанктагы" үлүшү 85% ашат. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия департаментинин башчысынын орун басары Кристиан Жос 19-мартта журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, учурда Улуттук банк тескөөчү гана эмес, коммерциялык банктын ээси да болуп жатат. "Улуттук банк коммерциялык банкка ээлик кылып туруп, системаны сактоочу боло албайт", -деди Жос.

Эл аралык валюта фондунун өкүлү банктын баасы аныкталгандан кийин, Улуттук банктын үлүшү Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүлүп берилиши керектигин кошумчалады.

Кристиан Жос Кыргызстанда насыялардын үстөк пайызы аябай жогору болгонун да белгиледи. Анын айтуусунда, Эл аралык валюта фондунун эксперттери буга банктардын административдик чыгашалары көп болгону негизги себеп деп табышкан.

Кристиан Жос жетектеген атайын миссия Кыргызстанга 6-мартта келген. Бул топ Бишкекте бир катар жолугушууларды өткөрүп, Кыргызстан менен фонддун макулдашуусундагы IV берене боюнча кеңешүү жүргүзүп жатат.

Бул аралыкта ЭВФтин аткаруучу директору Пол Индербинен Кыргызстанга иш сапары менен келгени кабарланды.

ЭВФ Кыргызстанга 1992-жылдан бери насыя берип келатат. 2018-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын аталган фондго карызы 166,84 миллион долларды (11 миллиард 653 миллион сом) түзгөн. (ZKo/ErN)

XS
SM
MD
LG