Мындай келишимге Кыргызстан июнь айында кол койгону турат. Бул тууралуу Ош облустук кургак учукка каршы күрөш борборунун башчысы Кылычбек Истамов билдирди.
Анын айтымында, 2019-жылдын июнь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер кургак учукка кабалган адамдарды өз ара акысыз дарылоо боюнча келишимге кол коюуга даярданып жатышат. Кургак учук менен бирге күрөшүү ишти кыйла жеңилдетет.
Кыргызстанда кургак учукка кабылгандардын 70% эмгекке жөндөмдүү курактагылар. (YI)