20-21-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мындан тышкары өзгөчө кырдаалдардын - табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча да тиешелүү жетекчилер жана жергиликтүү бийлик ээлери менен селектордук жыйын өткөрөт. Жыйында бардык аймактардагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү жана ага даярдыктар тууралуу маалымат алат.
Өкмөттүк аппараттын маалыматына караганда, Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылы Ош шаары түрк дүйнөсүнүн борбору деп жарыяланышынын алкагында өткөрүлүүчү иш-чараларга даярдыктардын жүрүшү менен таанышат.
Абылгазиев Ош шаарында Нооруз майрамына арналган иш-чараларга катышат. (ZKo)