Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү аянты көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылы жалпы айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү аянты 1219,4 миң гектарды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 4,6 миң гектарга көбүрөөк болду. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, быйыл негизинен арпа, жүгөрү, чанактуу өсүмдүктөр, пахта жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүгө басым жасалууда.

Бул жылы жазгы-талаа иштери былтыркы жылга караганда 15-20 күнгө эрте башталды. Республика боюнча 156,2 миң гектар жер айдалды. 78,5 гектар жерге кылкандуу дан өсүмдүктөрү себилип, 3,2 миң гектар жерге картөшкө айдалды.

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев 6-мартта парламенттин жыйынында айыл чарба тармагына бир жылда 1 млрд. 700 млн. сом бөлүнөрүн жарыялаган. Анын 82% суу чарба департаментине жумшалат. Акчанын калган бөлүгү министрликтин борбордук аппаратына жана жети департаментке бөлүнөт. (BT0)

XS
SM
MD
LG