Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:04

ЖЭБ боюнча айыпталуучулардын адвокаттары Жогорку сотко кайрылды

Бишкек ЖЭБ боюнча айыпталган мурдагы жетекчилердин адвокаттары Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кайрылды. Бул тууралуу мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Кайрылууда Бишкектин Свердлов райондук сотунда башталып жаткан сот процессине ачык-айкындыкты камсыз кылууну жана журналисттерге шарт түзүп берүүнү суранган.

“Соттун жабык өтүшү ар түрдүү маалыматтарды бурмалоого жана түкшүмөл пикирлерге жол ачат”, – деп айтылат адвокаттардын кайрылуусунда.

Бул кайрылууга Жогорку сот азырынча жооп бере элек.

Бишкек Жылуулук Электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча кылмыш ишин кароо Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-февралда башталган. Бул иш боюнча сегиз адамга айып тагылган. Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, экс-энергетика министри Осмонбек Артыкбаев баш болгон мурдагы жетекчилер бар. Баштапкы соттук жараян жабык өткөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG